Сүйүнчү! Адилет Жапаркулов сурдлимпиада оюндарынын чемпиону болду
Кыргызстандык Адилет Жапаркулов Токиодо өтүп жаткан сурдлимпиада оюндарында чемпион болду.
Ал финалда ирандык балбан менен күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңип алды. Балбандар эркин күрөштөн 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Эске салсак, VI Жайкы сурдлимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтүп жатат. Кечээ, 23-ноябрда кыргызстандык Смадияр Жумакадыров грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейин салмакта алтын медаль тагынган.
Адилет Жапаркулов сурдлимпиада оюндарынын чемпиону болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















