Ош облусунда айыл чарба жарманкелери өтүүдө
Ош облусунун аймактарында облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин тапшырмасына ылайык айыл чарба жарманкелери кезеги менен уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыздап, баанын турукташуусуна салым кошуу.
Жарманкелерде дыйкан-фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары базар наркынан төмөн баада сатылууда. Атап айтканда, жылкы жана уй эти 640 сомдон, кой эти 680 сомдон сатылууда. Ошондой эле балык, ун, май, буудай, кумшекер, жумуртка, жашылча-жемиштер жана кайра иштетилген азыктар да арзандатылган баада коюлган.
Айыл чарба жарманкелери атайын бекитилген график боюнча ар ишемби күнү өткөрүлүп, облус тургундарына жеткиликтүү баада азык-түлүк алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















