super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту

 
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы 100дөн ашык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Куруучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов, министрдин орун басарлары жана министрликтин түзүмүндөгү департаменттердин директорлору, ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин бардык инспекторлору катышты.
Жолугушууда министр Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 2-июлунда чыккан №393 токтомун ишке ашыруу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кенен түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, “Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого” толуктоолор киргизилди. Мындан ары курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү (республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттерден тышкары) акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби өлкөнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. Ошондой эле, курулуш субъекттери объектини реестрге киргизүүдө министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине арыз берүүдөн мурда тиешелүү төлөмдү жүргүзөт.
Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүүнүн негизги максаттары:
• Объекттерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүү
• Курулуш сапатын жана коопсуздукту жогорулатуу
• Курулуп жаткан объекттердин реестрин бир калыпта түзүү
• Курулуш процессинде туруктуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу
• Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу
Министр өз сөзүндө бул өзгөртүүлөр курулуш тармагындагы тартипти чыңдоого, объектилерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүүгө жана курулуштун ар бир этабынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.
“Биздин милдет – ачык, системдүү жана жоопкерчиликтүү көзөмөлдү түзүү жана куруучуларды колдоо”, - деди министр.
Жолугушуу курулуш компанияларынын жетекчилери тарабынан берилген суроолор жана тактоолор менен коштолду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: