super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мексика дельфиндерди көңүл ачуучу шоулордо колдонууга толук тыюу салды

 

Мексика жаныбарларды коргоо жаатында чоң кадам жасап, дельфиндерди, деңиз арстандарын жана косаткаларды көңүл ачуучу шоулордо колдонууга толук тыюу салды. Бул тууралуу Humane World for Animals Mexico жазды.

Маалым болгондой, палата депутаттары жаңы мыйзамды бир добуштан жактырып, узак жылдардан бери эксплуатацияланып келген деңиз жаныбарларын пайдаланган шоулорду токтотуу чечимин кабыл алышты. Бул дүйнөгө адам менен жапайы жаратылыштын мамилеси урматтоого негизделиши керектигин көрсөттү.

Азыр Мексикада болжол менен 350 дельфин кармалып турат. Мыйзамга ылайык, алар атайын корголуучу деңиз аянтчаларга, жээкке жакын жаратылыш коругуна көчүрүлөт. Ошондой эле деңиз сүт эмүүчүлөрүн кармоо, өстүрүү жана багууга тыюу салынды, мындан ары туристтик шоу, селфи жана трюктар мыйзамсыз болот.

Жаңы мыйзам саякатчыларга да түшүндүрүү берет: дельфинарийлерге баруунун ордуна океанды тазалоо акцияларына катышуу, жаратылыш парктарына экскурсияга баруу же деңиз экосистемасын сактоо долбоорлорун колдоо сыяктуу экологиялык иш-чараларды тандаш керек. Ар бир туура тандоо жаныбарларды коргоого жана океандарга болгон басымды азайтууга жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: