super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

 
Ушул жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда 8136 бош жумуш орундары бар. Эң жогорку суроо-талап жумушчу адистиктерге багытталууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Учурда республикадагы расмий жумушсуздук деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адамды түзсө, алардын ичинен 40,9 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 117 211 жаран кайрылган.
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын көмөгү менен 13 274 адам жумушка орноштурулду.
Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуулар уюштурулду. Алар: компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чачтарач, тырмак тазалоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электрогаз ширетүүчү, сантехник-слесарь.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: