super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда жаңы "Номад ТВ" телеканалы ачылды

 

2025-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында жаңы ата мекендик телеканал — "Номад ТВ" расмий түрдө ишке кирди. Алдыңкы кыргыз журналисттери бириккен жаңы медиаплатформа өлкөнү эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүүнү максат кылат.

Телеканалдын башында тажрыйбалуу журналист жана алып баруучу Наталья Кролевич турат. Ошондой эле командада Светлана Акматалиева, Мирбек Молдакунов, Зарема Мусаева жана буга чейин белгилүү болгон журналисттер бар.

Эмне үчүн "Номад"? (байыркы грекчеден "Көчмөн")

"Себеби көчмөн— бул жолдун, кыймылдын, издөө­нүн адамы. Ал жолдон коркпойт, өзгөрүүдөн качпайт, бирок дайыма ким экенин, кайдан экенин унутпайт. Биз да ошол сыяктуу дүйнөгө ачыкпыз, бирок өз тамырыбызга бекембиз",— деп түшүндүрдү башкы редактор Наталья Кролевич.

"Номад ТВ" — кыргыз-орус тараптын биргелешкен долбоору. Ал Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, НТВ телеканалынын программаларын да ретрансляциялайт. Эфирде ар тараптуу берүүлөр болот: жаңылыктар, ток-шоулор, атайын репортаждар, Кыргызстан тууралуу, анын турмушу, салт-санаасы жана тарыхы боюнча программалар.

Каналдын өзгөчө көңүл чордонунда өлкөнүн ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык бирикмелердеги катышуусу, Кыргызстан менен Орусиянын тарыхый- маданий байланыштары, эки өлкөнүн өз ара мамилеси жана эл аралык аренадагы биргелешкен ролу турат.

Эфирде НТВнын кино, сериал, ток-шоулору да сакталат. Негизги тили- орусча, бирок каалагандар үчүн кыргызча үн коштоону тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Канал ири кабелдик тармактарда жана өлкөнүн 70% камтыган экинчи мультиплексте бекер көрсөтүлөт.

Каналдын ачылышы

Телеканалдын салтанаттуу ачылышы Бишкек шаардык Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов, Орусиянын президенттик администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк боюнча башчысы Вадим Титов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Вакунов, Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова, Мамдуманын депутаты Аршинова, НТВнын башкы редактору Александра Кошарницкая, дүйнөгө белгилүү дирижёр Мариус Стравинский катышышты.

Эдиль Байсалов телеканалдын ачылышын төмөнкү сөздөр менен куттуктады:

"Өкмөт үчүн бул абдан маанилүү — бул эл менен түз байланыш. Профессионал журналисттердин болушу маанилүү. “Номад” телеканалы биздин мыкты журналисттерди бириктирип, жалпы медиатармак үчүн жаңы деңгээлди орното турганына ишенебиз. Ошондой эле бул эл, мамлекет жана бийлик органдары ортосундагы эки тараптуу байланыштын чоң каналы болот".

"Жаңы каналдын пайда болушу — чоң жетишкендик. Орусча да, кыргызча да угууга мүмкүнчүлүк бар. Программа сеткасы абдан кызыктуу. Көрөрмандарды ушул олуттуу жаңылык менен куттуктайм", -деди Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Иш-чарада Бишкек мэриясынын чоң симфониялык оркестринин коштоосунда Чоң, Мариинский жана Михайловский сыяктуу чоң театрлардын солисттери мыкты балет номерлерин тартуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: