Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Орусиянын аскердик кемесин басып алганын билдирди
Улуу Британиянын аскер-деңиз флоту орусиялык "Стойкий" аскердик кемесин басып алганын билдирди. Бул тууралуу Independent жана Associated Press басылмалары жазышты.
Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, HMS Severn патрулдук кемеси эки жума бою орус кемелеринин кыймылын көзөмөлдөп турган.
Аскердик мекеменин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Улуу Британиянын суу аймактарына жакындаган орус кемелеринин саны 30 пайызга көбөйгөн.
Мындан тышкары Independent жазгандай, Улуу Британия Исландияга үч жаңы Poseidon байкоочу учагын жөнөткөн. Бул — Түндүк Атлантика жана Арктикада орус кемелерин жана субмариналарын көзөмөлдөөгө багытталган НАТОнун кеңири миссиясынын бир бөлүгү.
Буга чейин Британиянын бийлиги орусиялык океанографиялык "Янтарь" кемесинин британ сууларына жакын бир нече жолу пайда болгонун билдирген. Батыш талдоочулары бул кемени чалгындоо максатында колдонулушу мүмкүн экенин жана суу алдындагы аппараттарды иштетүүгө жөндөмдүү экенин айтышкан. "Янтарь" Улуу Британия жээгинен 2024-жылдын ноябрында жана 2025-жылдын январь айында байкалган.
Ал эми Орусиянын Улуу Британиядагы элчилиги Москва Британиянын суу алдындагы коммуникацияларына кызыкдар эмес экенин, ал эми Орусия тараптан коркунуч болушу мүмкүн деген божомолдор негизсиз экенин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















