Ала-Букада имараттын багытын өзгөртүү боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлдү (фото)
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Айры-Там айылындагы имараттын багытын өзгөртүү боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүү көп жыл мурда салынган №39 гимназия орто мектебинин имаратын бала бакча багытында колдонуу максатында уюштурулду. Мектеп жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде имараттын багытын өзгөртүү боюнча анын инженердик-техникалык абалы баланат.
Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, конструкциялык схемасын жана бүгүнкү күндөгү абалын изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтердин жана бузулуулардын себептерине талдоо жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















