Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев 40 жашка толду
Белгилүү ырчы, композитор, обончу, көптөгөн ырлардын автору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, коомдук активист Кайрат Примбердиев бүгүн, 24-ноябрда 40 жашка толду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Кудайыма миң эсе шүгүрлөр, мен бүгүн 40 жаштамын! Ата-энеме ыраазымын өмүр берген!" - деп жазды ал.
Ырчы "Көк бөрү", "Сагынганда", "Поезддеги махабат" сыяктуу кеңири тараган хиттери жана Орусиядагы "Голос", "Главная сцена" музыкалык долбоорлорунда финалга чейин жеткени менен элге кеңири таанылган.
Балалыгы
Эске салсак, ырчы мырза 1985-жылдын 24-ноябрында Ош облусунун Каракулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.

Примбердиев бала кезинен эле музыкалык талантка, тунук жана катуу үнгө ээ болгон.
Мектепте окуп жүргөндө вокал, комуз жана манас айтуу ийримдерине катышкан. Ар кандай конкурстарда да жигердүү болгон.
8-класстан кийин Когой орто мектебин бүтүп, 2000-жылы Кесиптик лицейге өтүп, "Айыл чарба фермери" адистиги боюнча 2003-жылы аяктайт.
2004-жылы Талас айыл чарба техникумуна "Айыл чарбасын автоматташтыруу жана электрлештирүү" багытына тапшырат. Студент кезинде КВН, концерттик иш-чараларга активдүү катышкан.
Чыгармачылыкка алгачкы кадамдары
2006-жылы техникумду бүтпөй туруп Бишкекке көчүп келет. Бул жерде мурдагы классташы Султан Садыралиев менен жолугат. Султандын продюсери Динара Эсенгулова Кайратты угуп көрүп, ага ишеним артып, кызматташтыкты сунуштайт.
Ошол жылдан баштап Султан менен бирге гастролдоп, дуэт "Арноо" ырын чыгарышат.

2006-жылдын октябрында Кайраттын алгачкы жеке ыры "Сагынганда" жарык көрүп, өлкөнүн башкы хит-парадын бир нече жума башкарып, чоң хитке айланган. Радио чарттарда да алты-жети жума 1-орунду ээлеген.
22 жашында өлкөгө кеңири таанылган ырчыга айланган.
2009-жылы продюсер менен келишим бүткөн соң, алар кызматташтыкты токтотушат. Андан кийин бир нече жылга чыгармачылыктан алыстайт.
2015-жылы Кайрат кайрадан активдүү чыгармачылыкка киришет. "Поезддеги махабат", "Сен деги кандай немесиң" сыяктуу ырлар элге кеңири жайылат. Бирок анын чыгармачылыгындагы эң чоң секирик — Орусиядагы ири долбоорлор.
2015-жылы Кайрат "Главная сцена" шоусуна катышат. Ал жерде 2000ден ашуун катышуучунун арасынан тандалып алынат. Ар бир турда күчтүү ырдоосу менен таасир калтырат. Акыры финалга чейин жетет.

"Скажите, девушки…", "Я любил одну милую", "Куда уходит детство" аткаруусу калыстардын алкоосуна татып, элдин сүймөнчүгүнө айланган.
2016-жылы ал дүйнөдөгү эң белгилүү "Голос" музыкалык шоусуна катышкан. Натыйжада, ал музыкалык шоусунун 5-сезонунун үч мыктысынын катарына кирет.

Кыргызстандын тарыхында бул долбоордун финалына чыккан алгачкы ырчы болгон.
Ийгиликтери
- 2007 – "Супер Инфо" тарабынан "Жылдын мыкты автору"
- 2015 – "Главная сцена" финалисти
- 2015 – Бишкек шаарындын ардактуу жараны
- 2016 – "Голос" финалисти
- 2017 – Каракол шаарынын ардактуу жараны
- 2017 – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти

Учурда Кайрат Примбердиев активдүү ырларын чыгарып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, коомдук-саясий темаларда үн катууда.
Акыркы жылдары ал "Асман" жана "Асман балдар" музыкалык долбоорлорунун туруктуу калысы.

24-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















