super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Израил Ливанга аба соккусун жасап, 5 адам каза тапты

 

Израил Бейруттун түштүк четинде аба соккусун жасап, анын натыйжасында "Хезболла" тобунун штаб башчысы Али Табатабаи көз жумду. Бир жыл мурда тараптар АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

"Биз “Хезболла” террористтик уюмунун эң жогорку даражалуу командирине сокку урдук. Максат — уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары күчөтүүсүнө жол бербөө жана Израил мамлекетине зыян келтирүүгө аракет кылгандарга так сокку жасоо болгон", - деп айтылат Израилдин билдирүүсүндө.

Израилдин маалыматы боюнча, Али Табатабаи "Хезболланын" көпчүлүк бөлүктөрүн жетектеген жана алар Израил менен мүмкүн болгон согушка даярдоого активдүү аракет кылып жүргөн.

"Хезболла" тобу да Табатабаинин каза болгонун тастыктаганын Reuters жазды.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аба соккусунан 5 адам набыт болуп, 28 киши жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: