BUSINESS AIYM 2025: Айымдардын Борбор Азиядагы эң ири бизнес-форуму BAKAI Business’тин колдоосу менен өттү
21-ноябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 200дөн ашуун ишкер-айымдарды бириктирген эл аралык BUSINESS AIYM 2025 форуму болуп өттү. Иш-чара BAKAI Business’тин стратегиялык колдоосу менен уюштурулуп, BAKAI экосистемасынын инновацияларды илгерилетүүдөгү, санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү жана аялдар ишкердигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү ролун баса белгиледи. Форум Борбор Азияда тажрыйба алмашуу, кызматташууну өнүктүрүү жана жаңы демилгелерди ишке киргизүү үчүн маанилүү аянтча болду.
BUSINESS AIYM 2025 форумунун уюштуруучусу — Кыргызстан Ишкер Айымдар ассоциациясы болуп, иш-чара BAKAI Business’тин колдоосу менен өткөрүлдү.
BAKAI Business менен болгон өнөктөштүк форумдун негизги элементи болуп, ишкер айымдарга заманбап билимге, бизнес-тажрыйбага жана долбоорлорун кеңейтүү үчүн зарыл шарттарды түзгөн кесипкөй чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө болду.
Форумдун негизги темасы — «Инновациялар, кызматташтык жана туруктуу өнүгүү» — иш-чаранын мазмундуу программасына багыт берди. Ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен «Биргелешкен аракеттер: айым ишкерлер үчүн жаңы горизонттор» аттуу панелдик сессия өттү.
BUSINESS AIYM 2025 алкагында регионалдык ассоциациялар менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Бул документтер аймактар аралык долбоорлорду өнүктүрүүгө, экспертиза алмашууга жана биргелешкен бизнес-демилгелерди ишке киргизүүгө багытталган.
Гульзат Акпаралиева, Кыргызстан Ишкер Айымдар ассоциациясынын төрайымы: «BUSINESS AIYM 2025 форуму билим жана мыкты бизнес-практикалар менен алмашуу үчүн мыкты аянтчага айланды. Өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө кошкон стратегиялык колдоосу жана салымы үчүн BAKAI Business’ке ыраазычылык билдиребиз».
BAKAI’дын Маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушева мындай деп белгиледи:«Кыргызстандагы кичи жана орто бизнестин дээрлик жарымы — айымдар. Айымдар тапкан кирешесин үй-бүлөгө жана коомго багыттайт. Аялдар ишкердиги — туруктуу экономикалык өсүштүн негизи. Биз айымдардын өсүп, келечек түзүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн аларды дайыма колдоп келебиз».
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















