Шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү уюмдары бир күнгө онлайн окутууга өтөт
Агартуу министрлиги 26-27-ноябрда өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу билим берүү уюмдарындагы (бала-бакча, мектеп, лицейлер) окуу процесси боюнча маалымат берди.Министрлик 25-ноябрдан 2-декабрына чейин Бишкек шаарындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарында окутуу онлайн форматта өтө турганын билдирди.
"Ал эми 1-декабрда шайлоо тилкелери жайгашкан республикадагы бардык билим берүү уюмдары окутууну онлайн форматта жүргүзөт. Бул шайлоо участкалары жайгашкан бардык билим берүү уюмдарында санитардык жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу", -деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















