super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Агартуу министри Австрия делегациясы менен жолугушту

 
Бүгүн, 24-ноябрда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, делегациянын курамына Австриянын Федералдык каржы министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын адистери жана Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин дипломатиялык кеңешчиси кирди.
Тараптар кесиптик, техникалык жана туристтик билим берүү тармагындагы, анын ичинде Леобен тоо-кен университети жана Klessheim туристтик коллежи менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Австрия тарап окуу программаларын түзүүгө колдоо көрсөтүүгө, эксперттерди жана инструкторлорду тартууга, ошондой эле туризм жана мейманкана менеджменти боюнча лекцияларды уюштурууга даяр экенин билдирди.
Министр Догдуркүл Кендирбаева кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туризм тармагын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Агартуу министрлиги менен Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин ортосунда биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө документке кол коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: