Орусияда мигранттарга электрошокерлерди сатып алууга тыюу салуу сунушталууда
Орусиялык депутаттар жана сенаторлор тобу мигранттарга Орусияда газ баллондорун, электрошокерлерди жана аз кубаттуулуктагы пневматикалык куралдарды сатып алууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун киргизди. Бул документ Мамлекеттик Думанын электрондук базасында жарыяланганын орус басылмалары жазышты.
Мыйзам долбоорунда "Куралдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, чет өлкөлүк жарандарга механикалык чачкычтарды, аэрозолдук жана башка көздөн жаш чыгаруучу заттар менен жабдылган түзмөктөрдү, электрошокерлерди жана пневматикалык куралдарды сатып алууга тыюу салуу каралган.
Учурдагы мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусияда жогорудагы түзмөктөрдү лицензиясыз эркин сатып ала алышат. Ал эми орусиялыктарга болсо мындай буюмдарды сатып алуу 18 жаштан башталат, бул мыйзам долбоорунун авторлорунун пикири боюнча укуктук теңсиздикти жаратууда.
Мыйзам долбоорунда айтылгандай, чектөө аракеттери коомдук коопсуздукту жогорулатат жана потенциалдуу коркунучтуу түзмөктөрдүн айлануусун көзөмөлдөөнү күчөтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















