super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Азамат Мавлонов XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында коло медаль утту (фото)

 

Бүгүн, 24-ноябрда кыргызстандык таэквондочу Азамат Мавлонов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, үч беттеш өткөрдү.

Мавлонов алгач Түштүк Кореянын күчтүү спортчусу Чо Сангу менен таймашып, жеңилип калды. Бирок кореялык спортчунун финалга чыгышы анын көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Көңүл жубатуучу беттеште кыргызстандык спортчу Түркиянын спортчусун, ал эми чечүүчү таймашта өзбекстандык атаандашын утту.

Ошентип Азамат Мавлонов Сурдлимпиада оюндарынын үч жолку байге ээси болду:

3-орун, 2017-жыл - Түркия;
2-орун, 2022-жыл - Бразилия;
3-орун, 2025-жыл - Япония.

Эске салсак, 15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өтүүчү бул мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: