Эрхан Ормонбеков Астанада өткөн самбо боюнча мелдеште биринчи орунду багындырды
Астанада өткөн эл аралык самбо боюнча мелдеште Бишкектеги №42 мектептин 9-классынын окуучусу Эрхан Ормонбеков биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, турнирге бир нече өлкөлөрдөн келген спортчулар катышкан.
"Эрхандын так техникасы, чыдамкайлыгы жана чечкиндүүлүгү ага финалда ишенимдүү жеңишке жетүүгө жардам берди. Бул анын талыкпаган машыгуусунун жана спортко чын жүрөктөн берилгендигинин натыйжасы",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















