"Тез жардамды" өткөрбөгөн айдоочуларга 140 миң сом айып салынды
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери "Маяк" деп аталган профилактикалык рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында көчөлөрдө биринчи болуп күйүп турган жарык жана үн сигналдарын кошкон "Тез жардам" унаасы барат, анын артынан кайгуул милициясынын экипажи коштоп жүрөт. Бул ыкма айдоочулардын атайын унааларга болгон мамилесин текшерүүгө жана "Тез жардамга" жол берүүнүн маанилүүлүгүн эскертүүгө багытталган.
Эгер айдоочу күйүп турган атайын белгилери бар "Тез жардам" унаасын көрүп туруп, ага жол бербесе, кайгуул кызматы аны дароо токтотуп, тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүп, айып салат.
Иш-чаранын жыйынтыгында эрежени бузгандарга карата тиешелүү протоколдор түзүлүп, салынган айып пулдун суммасы 140 000 сомдон ашты.
Тез жардамды өткөрбөгөн айдоочуларга 140 миң сом айып салынды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















