super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султанбеков, Атазов, Атамбаев баш болуп кармалгандар 2 айга камакка алынышты

 

Массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалган 10 адам 17-январга чейин камакка алынды. Маалыматты бүгүн, 25-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.

Маалыматка ылайык, аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү", "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү", "Массалык баш аламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча айып тагылууда.

Райондук сот камакка алынгандардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев бар экенин тастыктады. Мындан тышкары У.у.Э, А.У, К.Н., Э.Э. жана Ш.Т. аттуу жарандар бар.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен бир нече адам кармалганын кабарлаган.

Айта кетсек, 22-ноябрда айрым саясатчылардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрым саясатчылар кармалганы белгилүү болгон.

Алгач Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялаган. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салган. Ал арада Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү маалым болгон.

Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөндөгү видеосун тараткан. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылган.

Видедон анын бийликти алмаштыруу керектигин, Орусия мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп жатканын айтканын угууга болот.

Ал арада Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы эртең менен саат 8де кармалганын, учурда суракта экенин билдирген.

Үйүнө күч органдарынын кишилери келгенин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да Facebook баракчасы аркылуу айтып чыккан. Ал өзү ошол маалда үйдө болбогонун белгилеген.

Жоюлуп кеткен финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдөн кармалып, Бишкекке алынып келингени айтылган. Окуядан көп өтпөй эле анын суракка кирип бара жаткандагы видеосу тараган. Анда Жапыкеев комментарий берүүгө жетишип, суракка эмнеге чакырылганын билбей турганын, "Социал-демократтар" партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Ал күнү "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да сурак берип чыкканы айтылган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: