Лондон Кадамжайдагы сурьма комбинатынын өндүрүшүнө кызыгууда
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 15-декабрда Баткен облусуна болгон иш сапарында Кадамжай районундагы сурьма өндүрүштүк ишканасынын абалы менен таанышып, комбинаттын ишин жакшыртуу керектигин айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда аталган ишкананын жетекчиси Манатбек Бахтыбеков 2012-жылы ишканада 920 тонналык өндүрүш чыгарылып, ал Лондондогу металл биржасына сатыларын айтты. Манатбек Бахтыбековдун айтымында, Лондон Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьмага кызыгууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

