Адольф Гитлер Намибияда бешинчи жолу шайлоого катышууда
Намибиядагы Омпунджа округунун кеңешчиси Адольф Гитлер Уунона бешинчи жолу аймактык шайлоого катышарын жарыялады. Бул тууралуу Bild басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Уунона талапкерлигин тастыктаганы менен, шайлоо кампаниясы тууралуу кенен маалымат берген жок. Ал бул жолу да бийликтеги СВАПО партиясынан ат салышат. Мамлекетте аймактык шайлоолор 26-ноябрда өтөт.
Тарыхый маалыматтарга караганда, 1884-1915-жылдары азыркы Намибиянын аймагы Германиянын колониясы болуп, Герман Түштүк-Батыш Африкасы деп аталган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкөнү башкаруу Түштүк Африка Союзуна өткөн. Намибия 1990-жылы көз карандысыздык алган.
Адольф Гитлер Уунона саясий карьерасын 2004-жылы Омпунджа округунун өкүлү болуп шайлануу менен баштаган. Андан бери ал үч жолу кайрадан шайланып, акыркы жолу 2020-жылы жеңишке жеткен. Саясатчы буга чейин берген маектеринде нацисттик идеологияга эч кандай байланышы жок экенин, аты атасынын тарыхый контекстти түшүнбөгөндүгүнөн улам коюлганын баса белгилеп келген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















