super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте сасык тумоо күчөдү: Башкы дарыгер кезек күтүүлөрдүн көптүгү боюнча жооп берди

 

Бишкек шаарында учурда сасык тумоо күчөп жатат. Балдардын көбү оору өтүшүп кеткенден улам ооруканага жаткырылып жатат. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Учурда сасык тумоо күчөп жатат. Бир күндө 421 бейтап жугуштуу илдеттер ооруканасына кайрылып, алардын 163ү жаткырылды. Учурда ооруканада 587 бейтап жатат. Биздин оорукана негизи 500 орундуу. Жылдагыдай эле бейтаптарга кошумча керебеттер коюлуп жатат. Биз ооруканага келген жарандарды кабыл албайбыз деп айтканыбыз жок. Кезек көп экендиги чын. Балдарды ата-энелери, туугандары алып келишет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Баарын эле кабыл алып жатабыз. Биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды, "Тез жардам" менен оор абалда келгендерди кабыл алабыз. Биздин дарыгерлер учурда ашыкча жүктөм менен иштөөгө мажбур болушууда. Жөн эле консультация үчүн келип, “көрүнүп кетели” дегендер да көп. Алар өз үй дарыгерлерине эле кайрылса жакшы болмок, бирок ушул жакка келип жатышат. Оорунун алгачкы белгилери болгондо эле үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек. Бизде сасык тумоодон башка жугуштуу оорулар менен ооруган балдар дагы жатышат да.

Сураныч, ата-энелер оорунун алдын алып, балдарды азыр адам топтолгон жактарга, оюн-зоокторго алып барбай турсаңыздар. Эшиктен келгенден кийин колун сөзсүз түрдө самындап жууңуздар. Биринчи белгилер пайда болсо сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыздар, оору өтүшүп кеткенге чейин жүрө бербей. Эгерде үйдө чоңдордон бирөө ооруп жатса, сөзсүз түрдө медициналык беткап кийип, баланы башка бөлмөгө жаткырыңыздар.

Сасык тумоо жылдагыдай эле күз, кыш мезгилдеринде күчөйт, иммунитетти көтөрүш керек ",- деди Аалиев.

Ошондой эле дарыгер жандандыруу бөлүмүндө 9 бала жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда ооруканада кезек күткөндөр менен дарыгерлер айтышып жатканы тартылган видео тараган эле.






Бишкекте сасык тумоо күчөп жатат. Башкы дарыгер кезек күтүп урушкандар боюнча эмне дейт? 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: