Кеминдеги "Долпран" алтын кенинин башкы директору болгон Кытай жараны кармалды
Чүйдүн Кемин районундагы "Долпран" алтын кенинин башкы директору Т.Д. аттуу Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык зыян келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында “Долпран” кенин жеринде текшерүү учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган.
Тагыраагы, 14 миң 398,6 чарчы метр жер талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, жер бузулган. Лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген жана "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын талаптары бузулган, ошондой эле "Кооптуу өнөр жай объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзамдын жана "Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелеринин" бузулуусу аныкталган. Мындан тышкары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, "Долпран" кенинин ишмердүүлүгү экологияга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
Мындан улам кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















