"Клооптун" мурдагы операторлору бошотулду
"Клооп" басылмасы мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов пробация шарты менен сот залынан бошотулганын билдирди.
Маалымдагандай, чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн, 25-ноябрдагы отурумунда чыгарган.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту 17-сентябрда Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен.
Алар май айында УКМК тарабынан "Массалык башаламандыктарга чакырган" деген шек менен кармалышкан. Ал эми октябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан "Клооп" басылмасынын маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:59
2025-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















