Алматы-Бишкек жолундагы кырсыктан 6 адам каза болду
Кечээ, 24-ноябрь күнү кечинде Алматы-Бишкек жолунун 65-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кырсыктан алты адам каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Audi унаасынын 23 жаштагы айдоочусу унааны башкара албай калып, Toyota менен кагылышкан.
"Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең жана үч жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген, бирок медициналык жардамга карабастан, ал ошол жерде каза болгон. Дагы беш жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, медициналык байкоодо болууда",- деп билдирди Алматы облустук полиция департаменти.
Полиция окуянын бардык жагдайларын иликтеп, аныктап жатат.
Тергөө иштери Алматы облустук полиция департаментинин жетекчилиги тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















