Айсулуунун өлүмү: Шектүү "пара алышкан" деген соттордун бири комментарий берди
Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурда жасаган кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын бири Кайсын Абакиров айтылган айыптоого социалдык тармактагы баракчасы аркылуу комментарий берди.
Шектүүнүн апасы жактоочуга 10 миң доллар которгонун белгилесе, сурактын корутундусунда анын апасы адвокатка 2 миң долларды бөлүп-бөлүп которгонун белгиледи. Абакиров бул өз кезегинде күмөн туудурарын айтты.
"Сотторго эч ким эч нерсе берген эмес. Элестетиңиз, сизди кошунаңыз 10 миң доллар карыз деп айыптап жатат, бирок квитанцияда болгону 2000 доллар жазылган. Кайсыл гана сот болбосун "10 миң доллар болгонуна далил кайда?" деп сурайт",- деди жазды ал.
Буга чейин телеканалдар жарыялаган материалда Кумарбек сотторго жактоочусу аркылуу 10 миң доллар берилгенин, ал акча карындашынын калыңына келген акча болгонун айтат.
Айта кетсек, Судьялар кеңеши Кумарбектин мурдагы кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Аларга Кумарбекке мурунку жасаган кылмыш ишинде жазасын жеңилдеткен деген айып тагылууда.
Баш прокурор Судьялар кеңешинен аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Опузалап пара алуу", "Пара алууда ортомчулук кылуу", "Пара берүү" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартууга уруксат берүүнү суранган.
Айып тагылып жаткан үч судьянын бири Кайсын Абакиров президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кумарбекке карата чыккан өкүм мыйзамдуу болгонун белгилеп, алардын ишин кароону жеке көзөмөлүнө алууну өтүнгөн.
Кумарбек тууралуу мурда жарыяланган материалда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилгени айтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















