super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө мыйзамсыз курулуш объекттери аныкталып, 400 миң сом айып салынды

 
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусундагы курулуш объекттерин көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Инспекторлор Аламүдүн райондук прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Жыгач айылындагы “Чопо-Таш” ЖЧКсы жана “Нурлион Бетон” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан бетон түйүндөрүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө аталган объекттерде талапка ылайык долбоордук-уруксат берүүчү документтердин жоктугу аныкталды. Ошондой эле, компетенттүү органдар менен зарыл болгон макулдашуулары жок экендиги маалым болду.
Натыйжада, административдик чаралар көрүлүп, “Чопо-Таш” ЖЧКсы жана “Нурлион Бетон” ЖЧКсынын ар бирине 200 000 сомдон, жалпы 400 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары, аныкталган бетон түйүндөрдүн иши мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга чейин токтотулду.
Кошумчалай кетсек, башкармалык тарабынан аталган факт боюнча өз алдынча курулган объекттерди бузуу жөнүндө сотко доо арызы да берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: