Актриса Зарема Асаналиева 38 жашка толду
"Боз салкын" тасмасындагы Анаранын ролун жараткан актриса Зарема Асаналиева бүгүн, 25-ноябрда 38 жашка толду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Силердин эсиңерде 18 жаштагы Анара болсо, азыр Зарема 38 жашка толуп отурат. Арадан 20 жыл өтүптүр",- деп жазды ал.
Ошондой эле, актриса айым туулган күнүнө карата өзүнө унаа алгандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Зарема Асаналиева 1987-жылы 25-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин бир жыл "Туңгуч" театрында актриса болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетинен билим алган. 2006-жылы "Нооруз" фестивалында "Менин революциям – менин сүйүүм!" деген спектаклде роль аткарып, "Мыкты дебют" наамын алган. Ушул ролдон кийин актрисага "Боз салкын" тасмасына тартылуу сунушу түшкөн.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















