Бишкекте кыргыз сомун айрыган чет өлкөлүк жаран кармалды (видео)
Бишкекте кыргыз сомун кордогон 23 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда шектүү колго түшкөн. Анын Кыргызстан аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок болгон.
Шаардык милиция аны миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча өлкө аймагынан чыгаруу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөлүктүн кыргыз сомун айрыганы тартылган видео тараган.
Бишкекте кыргыз сомун айрыган чет өлкөлүк кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















