Баткен облусунун калкы 77 пайыз көмүр менен камсыз болду
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун калкын арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында, жергиликтүү бийлик органдары менен Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ортосунда келишим түзүлүп, арзан көмүр жеткирүү иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Бүгүн, 25-ноябрда Сүлүктү шаарынан Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районунун элине 424 тонна көмүр жеткирилди. Ар бир айыл аймакка калыс бөлүштүрүлүп, бир кабы 380 сомдон сатылууда.
Ошондой эле ушул тапта Лейлек районунун аймагына да арзан көмүр жеткирилип, айыл аймактарда 270 сомдон сатылууда. Бүгүнкү күнгө Баткен облусунун калкы 77 пайыз көмүр менен камсыз болду. Тагыраагы 77 миң тонна көмүр ташылып, калкка сатылды. Баткен облусунун калкынын бир жылдык керектөөсү 100 миң тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күнгө Сүлүктү шаарындагы көмүр кендери, ортомчусуз, облус аймагына арзан баада 20 миң тонна көмүр жеткирип берди. Баасы 6,50 тыйындан 8 сом 50 тыйынга бааланды. Бул эл тарабынан суроо талап жогору болгон көмүрдүн БР (орешка) түрү болуп эсептелет.
Ал эми "Кыргызкөмүр" мамлекттик ишканасы тарабынан, облус аймагына 586 миң тонна көмүр ташылды. Ошондой эле облус аймагындагы социалдык жактан муктаж болгон үй бүлөлөргө 305 тонна көмүр акысыз берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:40
2025-11-25
14:57
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















