Ошто айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофоруму өтөт
2–5-декабрда Ош шаарында айым-режиссёрлордун VII эл аралык кинофоруму өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Кыргызстандын Эл артисти Гүлсара Ажыбекованын чыгармачылыгына, Тоолуу региондорду өнүктүрүү программасына жана Эл аралык тоолор күнүнө арналат.
Кинофорум Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчүлүгү жана ОшМУнун колдоосу менен уюштурулууда. Иш-чара ОшМУнун башкы корпусунда жана “Семетей” кинотеатрында өтөт.
Быйыл Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген режиссёр аялдардын 25 тасмасы көрсөтүлөт. Алар “Айымдардын көз карашы” жана “Экологиялык жана социалдык активизм” программаларынын алкагында сунушталат.
Кинофорумдун жүрүшүндө мастер-класстар, китептин бет ачарлары, панелдик талкуулар жана белгилүү режиссёрлор менен жолугушуулар уюштурулат. Жабылыш аземинде мыкты фильмдерге сыйлыктар тапшырылат.
"2016-жылдан бери өтүп келген Айым-режиссёрлордун эл аралык кинофоруму Борбор Азиядагы режиссёр аялдарды бириктирген алгачкы жана жалгыз чыгармачыл аянтча болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:06
2025-11-25
8:55
2025-11-24
18:00
2025-11-21
8:37
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















