super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаңы Зеландия 2050-жылга чейин кароосуз жүргөн жапайы мышыктарды жок кылат

 

Жаңы Зеландиянын бийлиги 2050-жылга чейин өлкөдөгү кароосуз жүргөн жапайы мышыктардын бардыгын жок кылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкөнүн жаратылышты коргоо министри Тама Потакинин айтымында, жапайы мышыктар башка жаныбарларга олуттуу зыян келтирген түр катары "Жырткычтар - 2050" улуттук программасына кошулду.

Кээ бир аймактарда жапайы мышыктарды жок кылуу иштери буга чейин эле жүргүзүлүп келген, бирок эми аларга каршы күрөш мамлекеттик деңгээлде, атайын бюджет менен каржыланган, координацияланган кампаниянын алкагына расмий киргизилди.

2016-жылы "Жырткычтар - 2050" тизмеси түзүлгөндөн бери биринчи жолу ага жаңы жаныбар түрү кошулуп жатат.

Жаңы Зеландиянын токой аймактарында жана жээк аралдарында 2,5 миллиондон ашык жапайы мышык жашайт. Алар өлкөнүн уникалдуу жан-жаныбарларына чоң коркунуч жаратып келет. Өзгөчө, Стюарт-Ракиура аралында гана уя салган түштүк жаңы зеландиялык дотеррель жок болуу алдында турат. Ошондой эле жапайы мышыктар Руапеху тоосунун айланасындагы жарганаттарды да жок кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: