super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

OpenAI жасалма интеллект менен иштеген өзүнүн биринчи гаджет прототиптерин чыгарды

 

OpenAI жасалма интеллект менен иштеген өзүнүн түзмөктөрүнүн прототиптерин иштеп чыкты. Бул тууралуу CNBC басылмасы компаниянын башчысы Сэм Альтманга шилтеме берип кабарлады.

Ал Apple компаниясынын мурдагы башкы дизайнери Жони Айв жана Apple башкы директору Стив Жобстун жубайы Лорен Пауэлл Жобс менен болгон талкууда жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

Киреше берүүчү түзмөктүн кайсы гаджет экени так айтылган жок. Бирок Альтмандын айтымында, OpenAI түзмөгү адам ойлогон, окуган же айткан нерселердин баарын билүүгө жөндөмдүү болот.

Май айында OpenAI 6,4 миллиард долларга Жони Айвдин io стартабын сатып алган. Бул компания жасалма интеллект технологияларын колдонууга ыңгайлуу түзмөктөрдү иштеп чыгат. Айв түзмөктү эки жылдын ичинде сунуштоону пландап жатканын белгилеген жана иштеп чыгуу процесси күтүүсүз болорун кошумчалаган.

Альтман жаңы жабдуу колдонуучуга "тынч жана бейпил чөйрөнү" түзүп берерин айткан.

"Сиз тоодо же көлдүн жээгиндеги эң кооз жерде отуруп, тынчтык жана бейпилдиктен ырахат алып жаткандай сезимде болосуз. Түзмөк узак убакытка колдонуучунун ордуна ар кандай тапшырмаларды аткарып, маалыматтарды фильтрлеп, кайсы учурда эскертүү керектигин түшүнө алат", -деп айткан Айв.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: