Ош: Кеңеш айылындагы мектепке жаңы имарат курулууда (фото)
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында №43 Базаркулов мектебинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 203 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынат. Объекттин жалы аянты 3518 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери курулуш нормалардын негизинде аткарылууда. Азыркы тапта мектептин биринчи кабаты тургузулду.
Мекемеден билдиришкендей, эски мектеп 1977-жылы курулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
14:57
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















