Таиландда сел жүрүп, 19 адам каза тапты
Түштүк Таиланддын Сонгкхла провинциясында селден улам 19 адам каза болду. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы жазды.
Түштүк Таиланддагы 13 райондо эвакуация иштери жүрүп жатканы айтылды.
3PlusNews порталынын маалыматы боюнча, Сонгкхлада 16 райондо тургундар эвакуацияланып, 697 231 адам жабыркаган. Таиланддын армиясы жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн тик учактарды, 14 катерди жана атайын бөлүктүн кызматкерлерин жөнөткөн. Ошондой эле гидроциклдер жана Табигый ресурстар департаментинин эки учагы колдонулууда.
Таиландды каптаган сел бир нече күн бою жааган жаандын натыйжасында пайда болгон. Сонгкхлада суунун деңгээли 1,5–3 метрге чейин жетип, учурда шаар толугу менен эвакуацияланууда. Бул Түштүк Таиланддагы эң популярдуу туристтик аймактардын бири болуп саналат, шаардагы туристтердин басымдуу бөлүгү Малайзиядан келгени айтылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















