Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине күбөлүк тапшырылды
Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы мэр шайлоонун жыйынтыгы бекитилет. Шайлоо процессинин уюштуруу башкармалыгынын башчысы И.Аргымбаев мэр шайлоо өткөндүгү тууралуу маалымат берди. Анда Ош шаарынан бир арыз келип түшкөнүн, ал арыз аймактык шайлоо комиссиясында каралганын айтты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык, күбөлүк Кубанычбек Кулматовго жана Айтмамат Кадырбаевге тапшырылды.
Эске салсак, 15-январь күнү Ош жана Бишкек шаарларында мэр шайлоо өткөн. Баш калаада 41 добуш менен Кубанычбек Кулматов утуп чыккан. Ош шаарында 25 добуш менен Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

