Жапаров менен Путин Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (видео)
Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.
Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч жолу ок атылды.
Эми президенттер "Ала-Арча" резиденциясында бейрасмий шартта "тет-а-тет" форматында жеке жолугушуу өткөрүшөт.
26-ноябрда Ынтымак Ордо сарайында расмий тосуп алуу аземи болуп, андан соң Кыргызстан-Орусия сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар саясий, соода-экономикалык, гуманитардык, энергетикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция жана башка тармактардагы негизги маселелерди талкуулашат. Орусиянын делегациясында бир катар министрлер, мекеме жетекчилери жана ири ишкерлер – Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана башкалар бар.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки президенттин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшу күтүлүүдө. Ошондой эле өкмөттөр аралык жана коммерциялык мүнөздөгү бир катар келишимдер, жалпы жети документ кабыл алынат. Алар билим берүү, экономика, миграция жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарды камтыйт. Документтердин алмашуусунан кийин президенттер расмий билдирүүлөрдү жасап, мамлекеттик кабыл алуу өткөрүлөт.
Жапаров менен Путин Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















