Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбектин өкүмүн өзгөрткөн мурунку соттор кармалды (фото)
Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 1984-жылы туулган К.А. кармалгандыгы жөнүндө кабарлаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. К.А. өзүнүн кылмыштарында бир нече жаш кыздардын курмандыгы бар экендигин мойнуна алып, алардын жансыз денелерин Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөн.
"Иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары - С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен ЖПКнын нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер 3 жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан", -деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ал эми 2025-жылдын күз айларында К.А. жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан тартылуудан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.
Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган. Судьялар кеңеши мурда көрсөтүлгөн судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштаманы колдоду.
Азыркы учурда С.Б., Ж.М., К.А. судьяларына Кылмыш-жаза кодексинин 336 (Коррупция) жана 352-беренелеринде (Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган. Ошондой эле, прокурор Д.М. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулду.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















