super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Францияда Лувр музейин тоноого шектелген 3 адам кармалды

 

Франция полициясы Лувр музейиндеги уурулук боюнча дагы үч шектүүнү кармады. Бул тууралуу Le Figaro Париж прокуратурасына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, бир эркек жана 31, 40 жаштагы эки аял кармалган.

Буга чейин полиция Париждин четинде Луврдагы уурулук боюнча төртүнчү шектүүнү да кармаган. Шектүү Сен-Сен-Дени департаментиндеги Обервилье шаарында жашайт.

Эске салсак, 19-октябрда белгисиз адамдар жумушчулардын формасын кийип алышып, Лувр музейине киришкен. Алар бир нече мүнөт ичинде Наполеондун коллекциясына таандык жалпы баасы 88 миллион евро болгон зер буюмдарды уурдап кетишкен. Ал эми императрица Евгенияга таандык 1354 бриллиант менен кооздолгон таажы качып бара жаткан учурда жерге түшүп калган. Уурдалган зер буюмдардын айрымдарын шектүүлөр даркнет аркылуу сатууга аракет кылышканы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: