Павел Дуров бекем ден соолукта болуунун сырлары менен бөлүштү
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров X социалдык тармагында бекем ден соолуктун сырлары менен бөлүштү. Ишкер ден соолук көйгөйлөрүнөн алыс болуу үчүн жети кеңеш берди.
"Кеминде сегиз саат уктагыла, пайдалуу тамак жегиле, спорт менен алектенгиле, ачууланбагыла, эч качан ичимдик ичпегиле, тамеки чекпегиле, эч качан таблетка колдонбогула", — деп жазды Дуров.
Быйыл Павел Дуров 41 жаш толду. Telegram негиздөөчүсү 20 жылдан ашуун убакыттан бери спирт ичимдиктерин, кофе ичпей турганын жана кызыл эттен баш тартканын айткан. Ал мындай жашоо образын көптөн бери карманып келе жатканын жана ушул сыяктуу кеңештерди 2017-жылы да бергенин эске салган.
2024-жылдын апрелинде Павел Дуров "төмөнкү температурадагы сууга бир нече мүнөт түшүү — күндү баштоонун эң жакшы жолу" деп жазган. Дуров ошондой эле "жалгыз жашоого", стресстен оолак болууга жана дайыма спорт менен машыгууга кеңеш берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















