Песков, Ушаков, Набиуллина... Путин менен Бишкекке келген орус делегациясынын курамы айтылды
Бүгүн, 25-ноябрда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга үч күндүк мамлекеттик сапары менен келди. Орус лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды.
Андан соң президенттер Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч жолу ок атылды.
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Ал эми Путинди коштоп келген орусиялык делегациянын курамында вице-премьер Алексей Оверчук баштаган бир нече министрлер бар. Оверчук Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын орус бөлүгүн жетектейт. Ошондой эле тизмеде төмөнкүлөр бар:
- Спорт министри Михаил Дегтярев;
- Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко;
- Транспорт министри Андрей Никитин;
- Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников,
- Билим берүү министри Валерий Фальков,
- Энергетика министри Сергей Цивилев;
- Ички иштер министри Владимир Колокольцев;
- Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков;
- Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков;
- Президенттик администрация башчысынын орун басары Максим Орешкин;
- Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова;
- Борбордук банктын өкүлү Эльвира Набиуллина;
- "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев жана ишкерлер Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана башкалар бар.
Ал эми Орусиянын президенттик администрациясынан сүйлөшүүлөргө Ушаков, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жана администрация башчысынын орун басары Максим Орешкиндин катыша турганы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















