Эми айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" тиркемеси аркылуу алууга болот
Бүгүн, 25-ноябрда Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда айдоочулук күбөлүктү жеңил жана ыкчам алмаштыруу процессине арналган презентация болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасынан билдиришти.
"Президентибиз койгон тапшырмалар, буюрса, акырындан аткарыла баштады. Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн эми кезек күтпөй эле, онлайн “Түндүк” тиркемеси аркылуу алсаңыз болот. Баары жеңил, ыкчам жана ыңгайлуу. Жалпы жонунан жалпы алмаштыруу процесси 1 мүнөттү гана талап кылат. Бара-бара заман талабына ылайык бардык тейлөө системалары онлайнга өтөт. Онлайн алмаштыруу үчүн 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала тиркемеге жүктөлүшү керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт", - деди Туманбаев.
Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер эч кандай адамдардын катышуусу жок жасалма интеллект аркылуу өткөрүлө турганын айтты.
"Жакында бериле турган жаңы айдоочулук күбөлүктөрүбүз заманбап коргоо технологиялары менен жабдылган жана эл аралык ISO стандарттарына толук ылайык келет. Документ 10 жылдык кызмат мөөнөтүнө ээ. Айдоочулук күбөлүк көп деңгээлдүү коргоо элементтери менен камсыздалган. Эми аны сырттан өз алдынча алмаштыруу же жасалмалоо мүмкүн эмес”, - деп билдирди президенттин иш башкаруучусу.
Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр лазердик гравировка жолу менен персоналдаштырылат жана ар бир карта өзгөчө коргоо деңгээлине ээ болуп, жасалма документтерден коргойт.
Дизайнга болгон автордук укуктар толугу менен Кыргызстандын карамагында. Ал эми материалдар менен технологиялар эл аралык стандарттарга ылайык сертификатталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-11-25
17:40
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















