БШК №1 шайлоо округундагы талапкерге эскертүү берди
Борбордук шайлоо комиссиясы 25-ноябрда шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы боюнча №1 шайлоо округунан талапкер Исманали Жороевге карата чара көрүү тууралуу жаран Камчыбек Асановдун арызын карады.
Мекемеден билдиргендей, арыз ээси Жороев үгүт иштеринин жүрүшүндө жарандарга акча берип, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгын белгилеген.
БШКга Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Баймурат Бекмуратовдон да арыз келип түшкөн. Ал Асанов аттуу жаран талапкер Жороевге карата кара пиар элементтери камтылган, талапкерди кемсинткен маалыматтарды таратып жаткандыгын белгилеп, Асановго карата чара көрүүнү суранган.
"Асановдун арызы боюнча 20-ноябрда Лейлек РИИБне тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү максатында билдирүү жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн. Анда тараптардын бардыгы суракка алынып, арыздарда көрсөтүлгөн жарандар бир нече жолу акча каражаттарын которушкандыгы, алардын максаттары шайлоо өнөктүгүнө тиешеси жок экендиги аныкталып, Асановдун талапкер Жороевдин шайлоо штабынан накталай акча каражаттарын алгандыгы тастыкталган. Бул жагдайлар боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык чара колдонууга болоору белгиленген", - деп билдирди мекемеден.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.
Лейлек РИИБнин тергөө иштеринде Жороевдин шайлоо фондунда 1 871 420 сом болгондугу аныкталган. Ал эми 2025-жылдын 24-ноябрына карата талапкердин фондуна жалпы келип түшкөн каражаттардын суммасы 6 869 420 сомду түзгөн.
Жумушчу топтун отурумунда Асанов өзү тастыктагандай талапкер Жороевдин штабынын кызматкерлеринин биринен 10 000 сом акча алганы аныкталды.
Жумушчу топ талапкер Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Бекмуратовко карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми Жороевге эскертүү берүүнү сунуштаган.
БШК №1 шайлоо округунан талапкер Жороевдин ыйгарым өкүлү Бекмуратовго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Ал эми талапкер Жороевге эскертүү берилди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















