Трамп Венесуэла лидери Мадуро менен жолугушууга даяр экенин билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла лидери Николас Мадуро менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эгер маселени жеңил жол менен чече алсак - бул мыкты, бирок кыйын жол менен чечүүгө туура келсе да айырмасы жок",- деди ал. Ал АКШ–Венесуэла ортосундагы чыңалууга карабастан сүйлөшүүгө эшик ачык экенин белгиледи.
АКШ буга чейин Мадуро жана Венесуэланын жогорку аткаминерлерине байланыштырылган Cartel de los Soles тобун Чет элдик террордук уюмдар тизмесине киргизген. Журналисттер Трамптан мындай айыптоолорго карабастан эмне үчүн Мадуро менен жолугушууну каалаганын сураганда, президент "эгер өмүр сактап калууга жардам берсе, бул кадам туура болот" деп жооп берди.
Венесуэла АКШнын бул кадамын "мамлекетке кийлигишүүгө себеп издөөнүн аракети" деп сыпаттаган. Ошондой эле АКШ Латын Америка багытына USS Gerald R. Ford учак ташуучу гиганттык кемесин жөнөткөнү айтылган. Мадуро болсо өлкөдө 4,5 миллион элдик милиция мобилизацияланып, ар кандай мүмкүн болгон чабуулду тосууга даяр экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















