Айсулуунун өлүмү: Шектүүнү көрсөтмөсү менен кимдер кармалды? Тергөөдө ачылган жаңы жагдайлар кандай?
Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурда жасаган кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун мурдагы 3 судьясы жана прокурор кармалды.
Соттор Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаевага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча айып тагылса, прокурор "Коррупция" беренеси менен шектелүүдө.
Алар Кумарбектин 2015-жылы жасаган кылмыш иши боюнча жазасын жеңилдетип жиберген деген негизде кармалышты. Тагыраагы, шектүү 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунда анын жаза мөөнөтү жеңилдештирилген.
Судьялар кармалар алдында алардын бири Кайсын Абакиров социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жакында айыпталып жатышкан соттор менен бирге маалымат каражатында маалымат беришерин жазган.
Буга чейин баш прокурор 3 сотту жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштамасын Судьялар кеңешине жөнөткөн. Судьялар кеңеши сунуштаманы канааттандырып, макулдук берген. Кайсын Абакиров ошол кездеги өкүм мыйзамдуу болгонун айтып, президент Садыр Жапаровдон алардын ишин өз көзөмөлүнө алууну суранган.
ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда Кумарбек тергөөдө сотторго жактоочусу аркылуу 10 миң доллар пара берилгенин айтат. Буга да Абакиров комментарий берип, анда шектүүнүн апасы жактоочуга 10 миң доллар которгону айтылганы менен сурактын корутундусунда анын апасы адвокатка 2 миң долларды бөлүп-бөлүп которгону жазылганын билдирип, сурактын материалын жарыялаган. Абакиров бул өз кезегинде күмөн туудурарын белгилеген.
"Сотторго эч ким эч нерсе берген эмес. Элестетиңиз, сизди кошунаңыз 10 миң доллар карыз деп айыптап жатат, бирок квитанцияда болгону 2000 доллар жазылган. Кайсыл гана сот болбосун "10 миң доллар болгонуна далил кайда?" деп сурайт", - деп жазган ал.
Эске салсак, сетябрь айында Кеминде киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү табылган. Бул ишке шектелип 41 жаштагы Кумарбек кармалган. Ал тергөөдө маркумду Ысык-Көлдөн зордуктоого алып өлтүргөнүн, сөөгүн Кеминге жашырганын айтып берген. ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда шектүү дагы бир нече кылмышка күнөөлүү экени айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Ал жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы маалымдалган.
Анын кол салуусунан аман калган кыздардын бири жогоруда айтылган 2015-жылдагы окуянын жабырлануучусу болгон. 21 жаштагы кыздын арызы менен ошол убакта Кумарбек кармалган. ИИМ 3 судья ошол кезде анын жазасын жеңилдетпегенде шектүү абакта болмоктугун жана Айсулуу анын курмандыгы болмок эмес деген маалымат берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















