Өзбекстанда кургакчылыкка байланыштуу өлкө боюнча жамгыр тилөө намазы окулат
Өзбекстанда узакка созулган кургакчылыкка байланыштуу жума күнү өлкө боюнча жамааттык жамгыр тилөө намазы окулат. Бул тууралуу Tashkent Today жазды.
Маалым болгондой, 28-ноябрда жума намазынан кийин бардык мечиттерде истиска (жамгыр сурап окулуучу өзгөчө дуба) жасалат. Бул демилге Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасы Нуриддин Холикназар тарабынан көтөрүлгөн.
Ислам салтына ылайык, бул намаз жалпы жамаат менен окулат жана Кудайдан жаан-чачын жаашын сурашат. Ошондой эле облус, район жана шаарлардагы борбордук мечиттерде, зыярат кылуучу жайларда курмандыкка мал чалуу пландалууда. Анын эти муктаж үй-бүлөлөргө, жетимдерге, жесирлерге жана кары-картаңдарга таратылат.
Жума намазына чейин Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын ислам окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери Имам Бухаринин "Сахих Бухари" эмгегин толук окуп бүтүрүшмөкчү. Жергиликтүү ишеним боюнча, бул да жамгырдын жаашына себеп болот деп айтылат. Ошондой эле умра сапарына аттанган топтордун жетекчилерине ыйык жайларда истиска дубасын кылуу сунушталды.
Бул аракеттер жардам береби - белгисиз, бирок Өзбекстан боюнча алдыдагы бир жумада да жаан-чачын күтүлбөй турганы, аба ырайы күн ачык болуп, температура +22 °Cге чейин көтөрүлөрү кабарланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















