ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте катуу шамал көп кабаттуу үйдүн шыбагын сыйрып кетти
Окурман порталыбыздын Элдик кабар бөлүмүнө Бишкекте катуу шамалдан улам көп кабаттуу үйдүн бир тарабынын шыбагы сыйрылып калганы тартылган видеону жөнөттү.
Окурмандын айтымында, окуя калаадагы Абай көчөсүндө орун алып, эки унаага зыян келген.
Социалдык тармактарда мындай жагдай Токтогул көчөсүндө дагы катталганын айтышууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Бишкекте катуу шамал көп кабаттуу үйдүн шыбагын сыйрып кетти
0

Супер-Инфо
super.kg видео















