Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жаңы “Сайран” эс алуу багы ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Сквердин ачылышы шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда концерттик программа менен коштолгон. Калаа бийлигинин маалымат кызматы жарыялаган видеодон көз боёмочу Адил Кайыпов өнөрүн тартуулаганын көрүүгө болот. Ал 200 сомго мэрге кол койдуруп, аны колуна катып, бирок мэрдин колу коюлган акчаны чөнтөгүнөн чыгарган лимондун ичинен алып чыкты.
Токторбаев да өз кезегинде фокус көрсөтүп, келген элдин көзүн жумдуруп, 10го чейин санатты да "көзүңөрдү ачкыла, мына, сонун парк болуп калдыбы?" деп тамашага салды.
Адил Кайыпов мэрдин тапкычтыгына баа берип, "мен мындай фокусту жасай албайм" деди. Анда Токтораев ага кайрылып, "сиз фокус көрсөтүү үчүн 5-10 мүнөт кыйналсаңыз, мен 3 ай кыйналдым" деп парк салууга кеткен убакытты белгилей өттү.
Сиздин оюңузча кимисинин фокусу мыкты болду?
"Мен мындай жасай албайм". Фокусник Адил Кайыпов менен Оштун мэри фокус көрсөтүштү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















