Депутаттыкка талапкер Лира Акунованын кызы менен жээнине издөө жарыяланды
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар добуш сатып алуу иштерин уюштурууга шектелүүдө. Таагыраагы, шектүүлөр тарабынан 360 миң сом шайлоочулардын добушун сатып алуу максатында берилгендиги такталган.
Факт боюнча аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде (Талапкер же анын жакындары жасаган добуш сатып алуу) айып сырттан коюлуп, камакка алуу чечими чыгарылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
БШКнын маалыматында Лира Акунова Салтанат Исманованы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттатканы көрсөтүлгөн. Акунова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин №22 шайлоо окуругунан койгон.
Депутаттыкка талапкер Лира Акунованын кызы менен жээнине издөө жарыяланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















