"Салам, аскер!". Путин менен Жапаровдун жолугушуу аземинен видео
Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Жогорку даражалуу коноктун кортежи Ынтымак-Ордо имаратына атчан аскерлердин коштоосунда келди. Өлкө лидерлери бири-бири менен саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.
Мамлекет башчылары аземдин жүрүшүндө тууга таазим этишти. Орусиянын президенти ротага кайрылып, “Салам аскер!” деп саламдашты.
Андан соң Жапаров жана Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин ардактуу кароол мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өттү.
Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин лидерлер сүйлөшүү залына бет алышты.
Путин менен Жапаровдун жолугушуусу
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















