Акчаны дааратканага ыргытып... Ошто милициянын подполковниги менен майору кармалды
Милиция кызматкерлери 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасынын инспектору, милициянын подполковниги М.Ж. жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору С.А. тергөөгө чейинки текшерүү иштерин оң жакка чечип берүү үчүн жарандан аталган сумманы талап кылган.
Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Атайын кызмат учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Ошто милициянын подполковниги менен майору кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















